Site icon Reporter.kg

Бишкекте жаранды 691 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-майда милицияга Ж.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, И. аттуу жаран ишенимине кирип, баасы 691 миң сомдук унду алып, «саткандан кийин акчасын берем» деп алдап кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы И.Р. аттуу жаран кармалып, райондук соттун чечими менен ал 11-июнга чейин камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version