Жарандык күйөөсү барымтага алып, бычактаган аял каза болду

Жарандык күйөөсү барымтага алып, бычактаган аял каза болду

Бишкекте бычак менен жарандык күйөөсү барымтага алган аял, алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. 

“Ал аял оор жаракат менен келип түшкөн, абалы оор болчу. Моюн тамыры кесилип, кан көп кетип калган. Эсине келбей жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Түндө каза болду”, – дейт дарыгер. 

Белгилей кетсек, 17-июнда Бишкектеги Ден Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканалардын биринде мас абалындагы адам аны менен чогуу жашап жүргөн аялды кызганычтан улам бычак менен коркутуп, кармап отурганы айтылган.  

Кийин милиция кызматкерлери барып кылмышкерди кармап убактылуу кармоочу жайга киргизген.  Ал эми барымтага алынган аял оор жаракат алып оорукана түшкөн. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>