Site icon Reporter.kg

Бишкекте жарандык күйөөсү барымтага алып, бычактаган аял комада жатат   

Бишкекте бычак менен жарандык күйөөсү барымтага алган аялдын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Бул тууралуу Reporter.kg`ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. 

“Денесинин 3 жерине моюнуна, акырегине жана далысына бычактан жаракат алган. Моюндун тамыры кесилип, кан көп кетип калган. Абалы оор, комада жатат, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган”, — дейт дарыгер. 

Белгилей кетсек, кечээ, 17-июнда Бишкектеги Ден Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканалардын биринде мас абалындагы адам аны менен чогуу жашап жүргөн аялды кызганычтан улам бычак менен коркутуп, кармап отурганы айтылган.  

Exit mobile version