Site icon Reporter.kg

Бишкекте жарандык никедеги аялын сабаган шектүү кармалды

Бишкекте аялдын ден соолугуна оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Алгач, 2025-жылдын 9-мартында борбордогу медициналык мекемелердин бирине ур-токмоктун белгилери менен аял түшкөн.

Маалым болгондой, К.У., Турусбеков көчөсүндөгү батиринде мас абалында чогуу жашаган Э.Т. менен болгон чыр-чатактын кесепетинен денесинен жаракат алган. Анын айтымында, кол салууга кызганыч себеп болгон.

Окуя катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок 11-мартта жабырлануучу арызын кайтарып алып, экспертизадан баш тарткан. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес.

Эки айдан кийин, 20-майда аял кайрадан милицияга кайрылган. Ал алган жаракаттардын кесепеттеринен улам ден соолугу начарлап, кошумча дарыланууга муктаж экенин жана Э.Т.ны жоопко тартууну суранган.

Бул факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Э.Т., кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version