Site icon Reporter.kg

Бишкекте жасалма акча саткан адам кармалды

Бишкекте 15 миң өлчөмүндө жасалма доллар саткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары “Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасо” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган 65 жаштагы адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Exit mobile version