Бишкекте жасалма номерлүү унаага издөө жарыяланды — фото

Бишкекте жасалма номерлүү унаага издөө жарыяланды — фото

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго таандык болушу мүмкүн делген 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү интернет желесине тарап, аталган унаага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы издөө жарыялады.

Каттоо кызматы коомчулук менен байланыш бөлүмү  бул унаа Алмаз Мамбетовго тиешелүү эмес экендигин жана бул сүрөттөрдү көрүп өзү таң калып жатканын билдирди.

«Бул унаа боюнча «Carcheck» базасында да маалымат чыкпай жатат. Алмаз Мамбетовдун унаасынын номери дагы башка», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, ал унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланып жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>