Site icon Reporter.kg

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн унаа кармалды

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн Chevrolet үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-мартта саат 22:40 чамасында Чүй жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде Chevrolet үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган Ж.М. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуну Сверлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Exit mobile version