Бишкекте жаш баланы тиштеген иттин ээси изделүүдө

Бишкекте жаш баланы тиштеген иттин ээси изделүүдө

4-апрелде Бишкектин вицэ-мэри Айжан Чыныбаева 1-апрелде өспүрүм балага кол салган ит боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, учурда иттин ээси табыла элек жана милиция тарабынан аталган факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-берене («Майда бейбаштык») менен иш козголгон.

Иттин ээси тууралуу кандайдыр маалыматка ээ болгондорду “102” кызматына, 0500 43 28 15 жана 0312 37-01-73 номерлерине кабарлап коюну суранат.

Ошондой эле иттердин ээлерине кутурма оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп, коомдук жайларда итке тумшук кап кийгизип жүрүү талабы коюлган.

Белгилей кетсек, Бишкекте бош жүргөн онуп качкан ит эки өспүрүмдү талаган видеону интернет колдонуучулары жарыялаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>