logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа 19 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бишкекте жол кырсыгынан 19 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 29-августта саат 10:00дөр чамасында катталган. Анда Бишкек шаарынын Анкара көчөсү менен түндүктү карай бара жаткан Mazda Demio унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Жол кырсыгынан жабыркаган 19 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери башталган.

 

                                                                                                                               

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>