Site icon Reporter.kg

Бишкекте Жеңиштин 75 жылдыгына карата салют атылат

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата 9-май күнү саат 22:00дө Бишкек шаарында салют атылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Майрамдык салтанатка карата салют атуу иш-чарасы Башкы штабдын көзөмөлү астында, санитардык талаптарды толук сактоо менен элдин катышуусуз өткөрүлөт.

Мэриядан кошумчалагандай, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого деп бөлүнгөн 2,5 млн сом шаардын башка керектөөлөрүнө жумшалмакчы.

Exit mobile version