Бишкекте жеңил унаа мамыны сүзүп, бир адам каза болду

Бишкекте жеңил унаа мамыны сүзүп, бир адам каза болду

Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндө жеңил унаа мамыны сүзүп,  жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 15-октябрда  түнкү саат 23:30 чамасында болгон.

“21 жаштагы айдоочунун моюну сынып, Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Унаа айып короосуна токтотулган”, — деп жазылат маалыматта.

иллюстрациялык сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>