Site icon Reporter.kg

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинг өтүп жатат — фото

“Раим камалсын!”, “Уурунун орду түрмөдө!”, «Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген чакырыктар менен Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинг өтүп жатат. Колдоруна Райымбек Матраимовдун сүрөтүн көтөрүп алган 1000ге жакын адам учурда Ала-Тоо аянтына чогулду.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөү менен шаар тургундарынын жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгару тууралуу маалыматтар тараган.

Exit mobile version