Site icon Reporter.kg

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 15-16-февраль күндөрү Дене тарбия жана спорт академиясында өтөт.

Жеңүүүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Жарыш өтө турган аралыктар:

Кыз-келиндер: 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 м жана алыстыкка секирүү;

Эркектер: 60, 200, 400, 800, 1500, 3000 м жана алыстыкка секирүү;

Эстафета микс: 200 жана 400 м.

Exit mobile version