Site icon Reporter.kg

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Жарыш 27-28-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:

— эркектер — 100,200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):

— кыз-келиндер — 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):

— эстафеталык жарыштар (Mix) — 200, 400 м.

Чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version