Бишкек шаарында жеңил унаа каналга кулап кетти. Бул тууралуу кырсыктын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, кырсык 27-январда катталган.
«Бишкек шаарына Орто-Сай айылынан келе жаткан айдоочу Абдрахманов көчөсү башталган жердеги каналга кирип кеткен. Унаадагы бардык адамдар аман-эсен, бир кыз бутунан жана айдоочу колунан жаракат алып, аларды тез жардам кызматы алып кеткен», — деди ал.
Ал белгилегендей, айдоочу катуу ылдамдыкта келе жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз