Site icon Reporter.kg

Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Бүгүн, 21- январда таңкы саат 05:28 Ленин районуна караштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда “Ниссан-Микро” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү №4 өрткө каршы куткаруу бөлүмү саат 06:05 толук өчүрүшкөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Exit mobile version