Site icon Reporter.kg

Чүйдө 3,5 баллга жеткен жер титиреди

Кыргызстанда жер титирөө катталганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 22-июнь күнү саат 23:10дө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аламүдүн районунун Горная-Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек шаарында, Ысык-Ата районунун Кант шаарында, Интернациональное айылында, Аламүдүн районунун Байтик, Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

(Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тактоо иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version