Site icon Reporter.kg

Бишкекте жоголгон 12 жаштагы Вахид аман-эсен табылды

Бишкекте жоголгон 12 жаштагы Вахид аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 22-ноябрда баланын апасы издөөгө жардам сурап милицияга кайрылган. Түшкү саат бирлер чамасында Вахид Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги жеке клиникадан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда бала аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version