Site icon Reporter.kg

Бишкекте жол белгилери жаңыланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбордун көчөлөрүндөгү жол белгилерин жаңылап жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн бригада Сүйөркулов көчөсүндө Байтик Баатыр жана Малдыбаев көчөлөрүнүн аралыгындагы чийиндерди жаңылап жатат. Ысык пластик менен түз жана үзүк сызыктарды сызып жатабыз. Ошондой эле, Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн өңү жаңырууда.

Буга чейин, бригада төмөнкү даректердин боёкторун жаңыртуу иштерин жүргүздү:

— Ж. Пудовкин-Горький;

— №37 мектептин алды;

— Фрунзе-Ибраимов;

— Фрунзе-Абдрахманов;

— Жибек Жолу-Кулиев;

— Сүйүмбаев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;

— Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин;

— Абай көчөсү Горький көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

— Малдыбаев көчөсү Масалиев көчөсүнөн университетке чейин.

Буга чейин бригада капиталдык оңдоодон кийин Ленск көчөсүндө Фучиктен ЧЧКга чейин жол белгилерин толук жаңырткан. Унаа жол капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, автомашиналар үчүн ачылган.

Жакында, жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу, билим берүү жайларынын айланасындагы жол чийиндерин жана жол белгилерин жаңылоо башталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version