Бишкекте айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унааларын эвакуация алып кетүүдө

Бишкекте айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унааларын эвакуация алып кетүүдө

Бишкекте жол эрежесин бузуп, бирок айып пулдарды төлөбөгөн айдоочулардын унааларын эвакуация менен алып кетишүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Патрулдук милиция башкармалыгы 15-16-февралда 4 122 жол кыймылын бузууну каттаган. Атайын айып токтотуучу унаа жайына 20 машина жеткирилген, 26 адам унаасын мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн токтотулган, ал эми 171 – унаа башка жол эрежесин бузушкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузуп айыпка илинген айдоочулар бир айдан кечиктирбей айып пулду төлөөсү шарт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>