Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон 4 бала өспүрүмдөр болушкан

Бишкекте жол кырсыгынан каза болгон 4 бала өспүрүмдөр болушкан

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгында каза болгон төрт адам 17 жашта болгон. Өкмдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар “Шкода Октавия” унаасында баратып, жүргүнчү ташыган  автобус менен кагышкан.

Кырсыктан ар кандай жаракаттарды алып, 7 адам ооруканага жеткирилген. Алардын үчөө өспүрүмдөр болгон.

Окуя болгон жерге ӨКМДен 6 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан ыкчам тергөө тобу жана Тез жардам кызматынан 4 бригада барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>