Site icon Reporter.kg

Бишкекте Жолдош уулу Нурлан эки айдан бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарында 27 жаштагы Жолдош уулу Нурлан изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-декабрында А.Г. аттуу жаран 1996-жылы туулган уулу — Жолдош уулу Нурланды издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Анын айтымында, уулу 26-ноябрда Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул факт каттоого алынган.

Белгилери: бою 170-175 см, көзү күрөң, мурду түз, орто дене түзүлүштө, психикалык жактан жабыркаган.

Кийген кийимдери: улуттук оюмо-чийме түшүрүлгөн көк түстөгү жеңи жок күрмө, кара түстөгү спорттук шым.

“Жолдош уулу Нурланды табууга жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо 0(312) 352-605,0(553) 102-465, 0(703) 401-600, 0(705)450 — 553,0(553)102-880 телефон номурларына жана 102 кызматына билдирип коюуну суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version