Бишкекте Жордж Флойдду эскерүү митингине бир киши келди — сүрөттөр

Бишкекте Жордж Флойдду эскерүү митингине бир киши келди — сүрөттөр

Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги расизмге каршы митингге жана АКШда полиция кызматкери өлтүргөн Жордж Флойдду эскерүү иш-чарасына бир адам келип, дагы экөө бул акцияга каршы чыгышты.

АКШдагы афроамерикалык Жорж Флойд 25-майда полиция кызматкерлеринин колунан көз жумган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 9-июнда өттү. Ага маркумдун жакындары гана катышкан.

Флойддун өлүмүнөн кийин расалык теңсиздикке каршы толкундоолор башталган.

8-июнда Миннеаполисте Флойддун өлүмүнө айыпталган полиция кызматкери Дерек Човиндин соту башталган. Ал абакта, сотко видеобайланыш аркылуу катышып, кийинки сот жараяны 29-июнга белгиленген.

Буга чейинки берилген маалыматтар боюнча полиция кызматкери 40 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

[su_image_carousel source=»media: 30980,30979,30981,30982″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>