Бишкекте аялын көчөдө токмоктогон адамга иш козголду — видео

Бишкекте аялын көчөдө токмоктогон адамга иш козголду — видео

Кечээ, 11-апрелде көчөдө аялга кол көтөрүп жаткан адамдын видеосу тараган. Тасмадан аялдын жардам сурап көчөдө качып жүргөнүн көрүүгө болот.

Бүгүн Бишкек милициясы аталган тасма боюнча билдирүү таратып, тасмада жаңжалдашып жаткандар жубайлар экени, аялына кол көтөргөн адамга иш козголгонун кабарлады.

«Милицияга Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жубайлар жаңжалдашып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 29  жаштагы Ш.Ж. аттуу адам аялына кол көтөргөнүн билишкен. Бул окуяга байланыштуу аталган адамга 266-берене (бейбаштык) менен иш козглуп милиция бөлүмүнө жеткирилди. учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>