Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында жумуш орундарынын жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Жарманкеде 60ка жакын компаниялар ар түрдүү тармактар боюнча 5 миңге жакын бош жумуш орундарын сунушташууда. Алардын катарында: “Coca-Cola”, “Бишкексүт”, “Баркад”, “Мегаком”, “Скай Мобайл”, “Бай Таш Групп”, Элдик банк, Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, “Кыргыз Темир Жолу” ишканалар бар.
Жарманкеге эмгек министри Равшанбек Сабиров катышып, сөз сүйлөгөн:
«Жумуш издеп мекенибизден кетүүнүн кереги жок: өз өлкөбүздө туруктуу иш менен камсыз болууга чыныгы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул жетишкендиктер – туура экономикалык саясаттын, натыйжалуу башкаруунун жана өлкөнүн жаркын келечегине багытталган стратегиялык демилгелердин жыйынтыгы”, – деген ал.
Ошондой эле жарманкеге келгендер мастер-класстарга, кесиптик оюндарга жана викториналарга катышып, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар, кыска мөөнөттүү курстар, жаштар үчүн тажрыйба программалары тууралуу кеңештерди алышууда.