Site icon Reporter.kg

Бишкекте журналисттер аткаминердин унаасын тартып алып, 2 миң доллар талап кылган

Бишкекте телеканалдын журналистти жана оператору пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ж.Н.А. жана И.T.M. ысымдагы медиа кызматкерлер жол коопсуздугу боюнча рейд учурунда тартылган видео менен мамлекеттик мекемеде иштеген жаранды коркутушкан. Алар 2 миң доллар алып жаткан учурда колго түштү.

«Алар аткаминерди карызы бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлап, анын унаасын тартып алышкан», — дейт коопсуздук комитети.

Белгилей кетсек,  кармалгандар NewTV  каналында иштешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version