Site icon Reporter.kg

Бишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан жол кырсыктан 31 адам каза болгон  

Бишкек шаарында жыл башынан тартып, автобус, маршрут өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында жалпы коомдук транспорттордун айдоочуларынын катышуусунда өткөн жыйында айтылды.

Маалыматка караганда, жол кырсыктын кесепетинен 450 жаран ар кандай жаракаттарды алып, 31 жаран көз жумган.

Ал эми ЖКККББгы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларга карата жол эрежелерин  одоно бузгандыгы үчүн, 4692 Укук бузуу протоколдору түзүлүп, 377 айдоочу кызматынан алынган.

Жайынга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version