Соңку күндөрү Бишкекте аба ырайы сууктап, социалдык тармактарда адамдар батирлердеги суукка нааразы болуп, качан жылуулук берилет деген суроолорду байма-бай узата башташты. Айрым шаар тургундары пандемияга байланыштуу быйыл жылуулукту эрте берсе туура болмок деп сунуш кылышууда.
Буга Бишкек мэриясы жооп узатып, беш сутка бою абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо жылуулук берилерин кабарлашты.