Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын жансыз денеси табылды

Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын жансыз денеси табылды

Бишкекте жылуулук түтүгү өткөн кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  кечээ, 30-ноябрда саат 12:40тар чамасында Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү Онкология институтунун жанындагы жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 1973-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары маркумдун жансыз денесин кудуктан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

 

Тэги: Бишкек ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>