Бишкекте зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 1-январда аларга кыз киши кайрылып, ошол күнү эртең менен Б. аттуу жаран зордуктаганын билдирген.
Аталган факт боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.