Site icon Reporter.kg

Бишкектеги №2 төрөт үйү карантинге жабылды

COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна байланыштуу №2 клиникалык төрөт үйү «кызыл зонага» жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, санитардык тазалоодон кийин аялдарды кадимкидей кабыл алуу улантылат.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери төрөт үйү коронавирус инфекциясы бар кош бойлуу жана төрөт учурундагы аялдар үчүн ковид ооруканасы катары иштеп келет.

Exit mobile version