Site icon Reporter.kg

Бишкектеги №67 мектептин 11 кабинети менчикке берилип кеткен

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы №67 орто мектептин имаратындагы 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендигин аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Кабинеттердин жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзөт.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version