Site icon Reporter.kg

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду

Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын биринин лицензиясын чакыртып алды. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаары, 8-кичи район, 31а корпусу, 52-батир дарегинде жайгашкан «Эко Лайн Сервис» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы жоюлду.

Лицензиянын токтотулушу өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу.

Exit mobile version