Site icon Reporter.kg

Бишкектеги аквапарктардын биринде окуучу каза болду

Бишкек шаарындагы аквапарктардын биринде мектеп окуучусу каза болду. Бул тууралуу маалыматты борбордун мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов тастыктады.

«Себептери азырынча белгисиз. Биз комиссия чогултуп жатабыз, бүгүн текшерүү үчүн мектепке барабыз. Буга чейин балдар ата-энелери менен болуп, майрам уюштурушкан. Окуу процессинде болгонбу, ошону билебиз. Окуя болгон жерде куткаруучулар болгон-болбогону азырынча белгисиз», — деди ал.

Exit mobile version