Site icon Reporter.kg

Бишкектеги Алмазбек Исманкуловго таандык клиника бошотулду (видео)

Бишкек шаарындагы Алмазбек Исманкуловго таандык делген «Көз микрохирургиясы» бейтапканасынын имараты бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 корпусун ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык,  жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатышат.

 

Буга чейин Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө «Көз микрохирургия» госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталган. Ал өзү эки айга камалган.

Алмазбек Исманкулов эки айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version