Site icon Reporter.kg

Бишкектеги ар бир бак «электрондошот»

Ушул тапта ыктыярчылардын жардамы аркасында «Эмен» багында 100 эмен ирээтке келип, атайын электрондук дарекке маалыматтары чогулду. Бул туурасында калаа бийлигинин маалымат кызматы билдирди.

Таратылган маалыматтарга караганда, “Арча демилгеси» коомдук фонду Бишкек жашылдандыруу чарбасынын башкы агроному көмөк көрсөтүүдө.  Эми Бишкек шаарындагы болгон бак-дарактардын баарын эсепке алып, ал жөнүндө болгон маалыматтар жазылып, ар бир бакка өзүнчө номурлар коюлат.  Өсүмдүктүн дарты, өсүү процесстери, отургузулган аймагы, түрү жана абалы толугу менен жазылат.

Азырынча бул электрондоштуруу иш-аракетке канча каражат кетээри айтыла элек. Каржылоо булагы да маалымдалган эмес.

2018-жылкы расмий маалымат боюнча  баш калаада 3000ге жакын бак-дарак кыйылган.

Exit mobile version