Site icon Reporter.kg

Бишкектеги атышууда эки адамдын белине жана санына ок тийген

Бишкектин Чапаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги атышуудан жабыркагандар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жараат алгандар учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда.

Алардын бири 31 жаштагы жарандын абалы оор. Анын белине жана санына ок тийген.

Дагы бир 31 жаштагы жаран санына тийген октон жараат алган, абалы орто. Үчүнчү адамга ок тийген эмес. Анын бутунун кызыл ашыгы сынган, абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, атышуу 9-декабрда саат жети жарымда болгон.

Бүгүн бул окуяга шектүү катары 24 жаштагы эки адам кармалган. Терөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүүлөр жана жабырлануучулар Токтогул районунун тургундары болгон.  Алар 1, 5 жылдан бери өз ара касташып келишкен.

Exit mobile version