Site icon Reporter.kg

Автобустардын айдоочуларынын көбү жол эрежеси боюнча сынактан өтпөй калды

Бишкек шаарында 124 автобустун айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматы билдирди.

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында  “Унаа” мекемесинде өткөрүлгөн сынакка 222 айдоочу катышкан. Анын 98и гана суроолорго жооп берип, талап кылынган баллды топтой алышты.

Өтпөй калган 124 шопур кайра сынак тапшырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version