Site icon Reporter.kg

Бишкектеги Бакыт өргөөсү 5 млн сомго оңдолот

Быйыл Бишкектеги Бакыт өргөөсүн оңдоого 5 млн сом жумшалат.

Белгилүү болгондой, өткөн аптанын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт өргөөсүнө барып, мекеменин иши, имараттын абалы менен таанышкан. Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү быйыл Бакыт өргөөсүнүн имаратын оңдоого 5 млн сом бөлүү пландалганын айтышкан.

Мекеменин жетекчиси Гүлжан Атанаева белгилегендей, 1987-жылы пайдаланууга берилген имарат өлкөдөгү архитектуралык эстеликтердин катарына кирет.

Exit mobile version