Бишкек шаарындагы аянты 80 сотых болгон №159 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1993-жылы менчиктештирүү мезгилинде «Уста» ишканасынын балансында турган бала бакча жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, мүлктүн ээси Ю.Ш.А. бала бакчанын имаратын жер тилкеси менен мамлекетке өткөрүп берген.