Site icon Reporter.kg

Бишкектеги бардык мектептер 1-февралдан тарта иштей баштайт (видео)

Бишкек шаарындагы бардык мектептер 2020-жылдын 1-февралынан тарта иштей башташы мүмкүн. Бул тууралуу жыйын учурунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга да байланыштуу болот.

«Мектептер иштеп баштаган аймактарды карайбыз. Балким 15-январдан баштап орто мектеп окуучулары үчүн мектептерди ачабыз. Вице-мэр Айжан Чыныбаева бул маселенин үстүндө иштеп жатат », — деди ал.

Exit mobile version