Site icon Reporter.kg

Бишкектеги «Баткен-Комфорт» базары кайра сатыкка коюлат

Бишкектеги «Баткен комфорт» базарын сатуу боюнча аукцион өтпөй калды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен билдирди.

Аукцион 29-майда өтмөк. Соода түйүнүн мамлекеттин карамагындагы (64,38 пайызы) гана акциясы сатылууда. Анын баштапкы баасы 422 миллион 775 миң сомго бааланган.

«Бир эле жарандан арыз түшкөндүктөн ал болбой калды. Базардын акциясы кайра сатыкка чыгарылат», — дейт мекеме.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге тиешелүү базардын контролдук пакети январь айында мамлекеттин карамагына өткөн. Анда саясатчынын бир туугандарына катталган акциялар берилген. Калган бөлүгү Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталган.

Шадиевдин «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекетке өттү

 

Exit mobile version