Бишкектеги базарда тоноочулук менен алектенген адам кармалды

Бишкектеги базарда тоноочулук менен алектенген адам кармалды

Бишкектеги “Мадина” базарынын жанынан 35 жаштагы адамды тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-ноябрь таңкы саат алтыларга жакын болгон.

Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдарына А.С аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Мадина” базарынын жанынан белгисиз азият улутундагы адам күч колдонуп, кийип жүргөн курткасын, чөнтөк телефонун жана 1800 сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алганын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 27 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>