Бишкектеги борбордук мечит дарыгерлерге 582 миң сомдук жардам көрсөттү

Бишкектеги борбордук мечит дарыгерлерге 582 миң сомдук жардам көрсөттү
Бишкек шаардык борбордук мечиттин атынан жалпы өлкө аймагындагы дарыгерлерди колдоо максатында 582 000 сомдук акчалай,  дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттар таратылып берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрымдуулук жардамы Бишкек шаарындагы ооруканаларда кызмат өтөгөн дарыгерлерге жана бир бөлүгү Баткен облусуна жиберилген. 

«Учурда эл-журттун саламаттыгы үчүн кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизди колдоо максатында акчалай жарадам жана аларга коргоочу каражаттарды алып берилди. Жардамдын бир бөлүгү Баткен облусунун ооруканаларына жиберилди. Буюрса бул илдетти баарыбыз биргеликте жеңип чыгабыз», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>