Бишкекте чет элдик жарандардын мушташына байланыштуу төрт адам камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга чет өлкөнүн жарандары мушташып жатканы тартылган видео чыккан. Окуя 3-ноябрда саат 04:50лөр чамасында болгон.
Аталган факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул иш боюнча шектүү катары 25 жаштагы Р.С., 24 жаштагы Ж.Х., 20 жаштагы Г.Р., 22 жаштагы Т.С. аттуу жарандар кармалган.
Соттун чечими менен алар тергөө аяктаганга чейин эки айга камакка алынган.
Бишкекте чет элдиктер мушташып, экөө милицияга жеткирилди (видео)