Бишкекте Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин оңдоп-түзөө жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
4 чакырымга созулган жолго жаңыдан асфальт төшөө үчүн 249 млн 843,7 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 17-июнга чейин кабыл алынат. Сынакты уткан компания жолду 1-ноябрга чейин бүткөрүшү керек.