Site icon Reporter.kg

Бишкектеги калкты тейлөө борбору иш убактысын эки саатка кыскартты

Бүгүнтөн баштап Бишкек шаарында жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматындагы калкты тейлөө борборлору мурунку график менен иштеп башташат. Тактап айтканда,  9:00дөн 18:00гө чейин иштешет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Ушул жылдын 26-июнунан тарта аталган борборлор эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 19:00гө чейин түшкү тамакка тыныгуусуз кызмат көрсөтө турганы маалымдалган.

Бирок мындай график эмгек өндүрүмдүүлүгүнө, көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатына терс таасир тийгизген. Ошол себептен 21-августтан тартып иш убактысы эки саатка кыскартылды. Түшкү тамакка тыныгуусуз ишти улантуу боюнча өзгөргөн жок.

Exit mobile version