Site icon Reporter.kg

Бишкектеги кампадан чыккан өрттөн 2 адам иске ууланды

Бишкектин Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрттөн 2 адам иске ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Жабыркагандар учурда Травматология жана ортопедия борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат боюнча, өрт тууралуу билдирүү саат 11:23 тө түшкөн. Учурда 8 өрт өчүрүү бөлүмү, бир автошаты,  эки суу ташуучу унаа жана бир нече куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөшүүдө.

Exit mobile version