Site icon Reporter.kg

Бишкектеги конок үйлөрдүн биринде жашыруун казино табылды

Бишкекте жашыруун кумар оюндарын өткөрүү жайы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча маалымат алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдардын кумар оюндарын уюштурууга катыштыгы болушу мүмкүндүгү жөнүндө дагы маалыматтар болгон.

Чогултулган материалдардын негизинде Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси «кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу» боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттүү ыкчам иштери жүргүзүү менен керектүү маалыматтарды топтоп, ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси өткөрүлдү.

“Андан аркы иштердин жүрүшүндө жашыруун кумар оюндарын (покер) өткөрүү орду аныкталды. 18-октябрда Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндө жайгашкан конок үйүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кумар оюндарын ойноочу жайдын уюштуруучусу жана иштеп жаткан кызматкерлери кармалды. Уюштуруучу 1994-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран, ошондой эле дилердин милдетин аткарган 1987-жылы туулган К.Ч. жана 1987-жылы туулган С.Г. аттуу эки адам аныкталып, ИИБге жеткирилди. Мындан тышкары кумар оюндарына катышкан адамдар милицияга жеткирилди”, — деп айтылат маалыматта.

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга шектелип, уюштуруучулар — 1994-жылы туулган Ш.Р. жана 1993-жылы туулган К. С. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version