Site icon Reporter.kg

Бишкектеги «Корзинка» маркетинин ээлери чет өлкөдөн мөөнөтү өткөн товарларды ташып келип, сатууга шектелип кармалды

Бишкектеги «Корзинка» маркетинин жетекчилери көп жылдан бери чет өлкөдөн мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын ташып келип, «элиталык импорттук продукция» деп сатып келген деген шек менен кармалышты. Ал эми ишкананын иши токтотулуп, кеңселерине мөөр басылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум-гастромаркет катары иштеп келген «Корзинка» ишканасынын негиздөөчүсү З.С.Н. 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөнү аныкталган.

Аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен сүйлөшүп алып, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо келип, импорттук көзөмөл учурунда текшерүү иштерин татаалдаткан.

«Европадан италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон. Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары — өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда, аталган компаниянын бир нече кампаларында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.

Компаниянын бардык иш-аракеттери токтотулуп, кеңселерине мөөрлөр басылган. «Корзинка» ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө уланууда.

Exit mobile version